Тогуз-Торо районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Тогуз-Торо районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Тогуз-Торо районуна III даражадагы өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Нарын дарыясында суунун көлөмү көтөрүлүп, Тогуз-Торо районуна караштуу АБЗ тилкесин суу жеп, Ынтымак конушунда жайгашкан 200 кожолукка жана 16 гектар айдоо жерине, аэропорттун учуу-конуу тилкесин суу жеп кетүү коркунучу пайда болгон.

Мындан улам Тогуз-Торо райондук Жарандык коргонуу комиссиясына “Айгай” жарыяланып, Жалал-Абад облусттук жарандык коргонуу башчысы А.Сыргабаев жана ӨКМдин облустук башкармалыгынын башчысы, полковник А.Закировдун катышуусунда штабдык олтурум орун алып, аталган районго III даражадагы өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Жеринде Нарын дарыясынын белгиленген тилкесинде суунун нугун буруу иштери жүрүүдө.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен жана жарандык коргонуу кызматынан тиешелүү оор техникалар тартылып күйүүчү май менен камсыздалган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>