Тогуз-Тородо көк бөрү мелдешинин жеңүүчүлөрү аныкталды

Тогуз-Тородо көк бөрү мелдешинин жеңүүчүлөрү аныкталды

Тогуз-Торо райондук ички иштер бөлүмү тарабынан кылмыштуулуктун алдын алуу, эл менен милициянын ортосундагы байланыштуу жакшыртуу максатында көк бөрү жана ат чабыш оюндары өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ат оюндарына райондогу мыкты чабандестер катышып, улуттук оюндар даӊазаланды. Көк бөрүгө жалпы 15 команда катышып, 1-орунга кубок жана 20 миӊ сом, 2-орунга 15 миӊ сом, 3-орунга 10 миӊ сом байге коюлду. Ошондой эле кунан чабыш, тай чабыш, эр эӊиш, кыргыз күрөшү оюндары өткөрүлүп, акчалай сыйлыктар, диплом жана медалдар тапшырылды.

Оюндардын соӊунда жалпы келген жамаат милицияга тереӊ ыраазычылык билдиришти. Улуттук ат оюндарын даӊазалап, мал уурулуктарынын алдын алууга багытталган иш-чара мыкты уюштурулгандыгын айтышып, ак баталарын берип кайтышты.

Мындан сырткары Тогуз-Торо РИИБдин башчысы Муктар Атыканов башында туруп, райондогу жашы улуу жана мүмкүнчүлүгү чектелген инсандары бар үй-бүлөлөргө материалдык колдоо көрсөтүлдү.

Тогуз-Торо районунун аймагында кылмыштуулук, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктардын алдын алуу иштери да тынымсыз жүргүзүлүп келүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>