Кадамжайда мурда соттолгон жарандын үйүнөн баңгизат табылды

Кадамжайда мурда соттолгон жарандын үйүнөн баңгизат табылды

Кадамжай районунда мурда соттолгон жарандын үйүнөн апийим табылды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Баткен ОИИБдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкерлери алдын ала түшкөн ыкчам маалыматтын негизинде, Кадамжай районунун Полотхан айыл аймагынын 48 жаштагы тургуну Д.Т. жашаган үйгө кызматтык иттин жардамы менен тинтүү жүргүзүшүп, анын короосунан скочтолгон 508 грамм салмактагы өзгөчө жыты бар затты табышкан.

Бул факты Баткен ОИИБдин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси  (Баңгизат каражаттарын,  психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши козголгон. Анын негизинде алынган затка тиешелүү экспертизалар дайындалып, анын корутундусуна ылайык, «апийим» баңгизаты  экендиги аныкталды.

Азыркы учурда кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>