Депутат: Бизге душмандын кереги жок, бизди ыш эле өлтүрөт

Депутат: Бизге душмандын кереги жок, бизди ыш эле өлтүрөт

Бизге душмандын кереги жок, бизди ыш эле өлтүрөт. Бул тууралуу бүгүн, 12-декбарда депутат Балбак Түлөбаев Бишкектеги абанын булганышы, ыш маселеси каралып жаткан Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Ал өкмөткө кайрылып, Бишкектеги ыш көйгөйүн чечүү үчүн шаардын тегерегинде жайгашкан конуштардагы үйлөргө газ киргизип, аларды кышында газ менен жылытууга өткөрүү керектигин айтты. Жарандар үйлөрүнө газ киргизүүсү үчүн өкмөт аларга насыя бериши зарыл.

Ошондой эле, Түлөбаев унаалардын күйүүчү май жана катализатор маселелерин чечүү зарылдыгын белгиледи. Анын айтымында, ыш көйгөйү Бишкекте эле эмес, Ош шаарында да бар.

«Биз эки чоң шаарды геноцид, экоцид кылган жатабыз. Бизге душмандын кереги жок, бизди ыш эле өлтүрөт. Газдаштыруу жана унаалардын күйүүчү май маселесин чечүү керек. Дароо, ыш көйгөйүнүн 60-70%ы чечилет», — деди ал.

Белгилей кетсек, дүйнөдөгү абасы кир шаарлардын рейтингин чыгарган World Air Quality уюмунун индексинде 2022-жылдын 12-декабрында Бишкек алдыңкы 3 шаардын катарына кирди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>