Токаев: Жупуну турак жайлар өлкөнү чет элдиктерге жаманатты кылууда

Токаев: Жупуну турак жайлар өлкөнү чет элдиктерге жаманатты кылууда

Президент Касым-Жомарт Токаев инфраструктуранын жана турак жайлардын абалы Казакстанды чет элдиктердин алдында уят кылып жатат деп Токаев бейшемби күнү Казакстан элине кайрылып жатып билдирди.

«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу маселелерине, жергиликтүү бийликтин ишмердүүлүгүн реформалоо маселелерине катуу көңүл буруу зарыл. Турак жай имараттарын жайгаштыруу жана шаарлардын инфраструктурасы менен алектенүү керек. Алардын сырткы көрүнүшү менен ички инфраструктурасы жарандардын талаптарына жооп бербейт жана чынын айтканда, чет элдиктердин алдында өлкөнү жаманатты кылууда», — деди Токаев бейшемби күнү.

Ал өкмөткө мамлекеттик органдардын ишинин натыйжалуулугун жана жоопкерчилигин жогорулатуу үчүн жаңы административдик реформаны иштеп чыгууну тапшырды.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Тэги: Казакстан

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>