Токиодо өтүүчү Олимп оюндарын Пекинге жылдырылышы мүмкүн

Токиодо өтүүчү Олимп оюндарын Пекинге жылдырылышы мүмкүн

Эл аралык Олимпиада комитетинин (ЭОК) президенти Томас Бах уюм олимпиадалык кыймылдын саясатташуусуна каршы экендигин жана жайкы Олимп оюндарын 2022-жылы Кытайдын Пекин шаарында өткөрүүнү колдой тургандыгын билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

«Эл аралык Олимпиада комитети Олимп оюндарынын талаптарын карманат жана олимпиадалык кыймылдын саясатташуусуна каршы. ЭОК Кытай менен тыгыз кызматташууга, Олимп жана Паралимпиада оюндарын өз убагында өткөрүү үчүн Кытайга ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр. Пекин Олимп оюндары дүйнөгө COVID-19 пандемиясына каршы күрөштүн үлгүсүн көрсөтөт », — деген Бах.

Кышкы Олимп оюндары 2022-жылдын 4-февралынан 20-февралына чейин Пекинде өтөт.

Белгилей кетсек, Токиодогу Олимп оюндарына жана Паралимпиадалык оюндарга каршы петиция башталып, 47 сааттын ичинде 191 миңден ашуун кол топтолгон.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>