БУУ: Жол кырсыктары Кыргызстанга жыл сайын 372 млн доллар чыгым алып келетАдвокат 4 миң доллар алып жаткан жеринен кармалды19-июль: Кыргызстанда абанын температурасы +43°С чейин көтөрүлөтКөчөдө эркек кишини сабаган деп шектелген жаран Бишкекте кармалды«Жаштык Аренада» КРСУнун тарыхындагы эң масштабдуу бүтүрүү кечеси өтөтБУУнун башкы катчысы: жасалма интеллект теңсиздикти эмес, адамдарды колдоого тийиш
Токмокто милиция кызматкерлери кыз ала качкандарды кармады
21.01.2020 | 13:19
Токмок шаардык милициянын кызматкерлери кыз ала качууга шектелген жарандарды кармады. Бул тууралуу бүгүн Чүй ОИИББнен билдирди.
Маалыматка караганда, ушул жылдын 11-январында Жети-Өгүз РИИБга Токмоктун тургуну арыз менен кайрылып, 19 жаштагы кызын ала качып кеткен 2 жаранга карата чара көрүүнү суранган.
Кыздын атасы билип калып, кызынын артынан Жети-Өгүзгө барган. Айылдардын биринен кызын алып кетип, дароо милицияга арыз менен кайрылган.
“Кыз ала качууга шектелип, 27 жаштагы Т.М. жана 20 жаштагы Д.И. убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Экөө тең Ысык-Көл облусунун тургундары”, – деп жазылат маалыматта.
Учурда шектүүлөрдү үй камагына чыгарылып, сотко чейинки өндүрүш уланууда.

Рубрики: Жаңылыктар, Коом