Президент “Конституциялык сот жөнүндө” мыйзамга кол койду

Президент “Конституциялык сот жөнүндө” мыйзамга кол койду

Президент Садыр Жапаров “Конституциялык сот жөнүндө” конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду, аталган конституциялык мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2023-жылдын 28-сентябрында кабыл алынган. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Конституциялык мыйзам менен Конституциялык сотуна Жогорку сот сыяктуу эле өзүнүн чечимдерин кайра кароо боюнча ыйгарым укуктар берилет, 521-берене менен толуктоо каралат, ага ылайык Конституциялык сот өзүнүн чечимин президенттин сунушу боюнча же Конституциялык соттун төрагасынын сунушу боюнча төмөнкү учурларда кайра карашы мүмкүн, эгерде:

– чечим кабыл алууга негиз болгон Кыргызстандын Конституциясынын ченеми өзгөрсө;

– чечим чыгаруу учурунда Конституциялык сотко белгисиз болгон, кайрылуу предмети үчүн жаңы олуттуу жагдайлар ачылса;

– чечим Кыргызстандын элинин моралдык жана адеп-ахлактык баалуулуктарына, коомдук аң-сезимине карама-каршы келсе.

Конституциялык сот мурда кабыл алынган актты кайра кароо жөнүндө чечим кабыл алат, анда ал акт өзгөртүлөт же жокко чыгарат.

Конституциялык соттун чечимин кайра кароо жөнүндө маселени кароонун тартиби Конституциялык соттун Регламенти менен аныкталат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Президентке кошумча укук берилет. Парламент мыйзамды кабыл алды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>