Токтогул ГЭСтин жаңы төртүнчү гидроагрегаты ишке киргизилүүдө

Токтогул ГЭСтин жаңы төртүнчү гидроагрегаты ишке киргизилүүдө

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров аймактарга болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө Токтогул гидроэлектр станциясынын жалпы абалы жана иши менен таанышты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Акылбек Жапаров белгилегендей, өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыздоо маселеси Министрлер кабинетинин ишиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат.

«Учурда Токтогул ГЭСин модернизациялоо долбоору ишке ашырылууда, анын алкагында ГЭСтин жаңы төртүнчү гидроагрегаты орнотулуп, ал бир нече убакыттан бери тесттик режимде иштеп келген. Азыр агрегат толук түрдө ишке киргизилүүдө», — деди ал.

Акылбек Жапаров Кара-Көл ГЭСинин курулуш долбоору менен таанышты, анын наркы болжолдуу түрдө 25 млн АКШ долларын түзөт.

«Гидроэлектр станциянын кубаттуулугу 18 МВт түзөт. Бул объектинин курулушу жана ишке киргизилиши жашыл энергетиканы өнүктүрүүгө салым кошуп, өлкө жарандарын жана ишканаларын электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоого өбөлгө түзөт. Өз кезегинде мамлекет ГЭСтерди курууга инвестиция салган инвесторлорго ар тараптуу колдоо көрсөтөт», — деп белгиледи Министрлер Кабинетинин башчысы.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>