Жапырт камалгандардын туугандары президент менен жолугушууну өтүнөт

Жапырт камалгандардын туугандары президент менен жолугушууну өтүнөт

Бүгүн, 20-декабрда Бишкектин Панфилов сейил багында «Кемпир-Абад иши» боюнча камакка алынган активист жана саясатчылардын жакындары акцияга чыгышты. Бул тууралуу Reporter.kg’ге камакка алынып, ачкачылык кармап жаткан укук коргоочу Рита Карасартованын кызы Касиет Мамырбай билдирди.

Акцияга 50гө жакын адам катышып, алар тергөө абагында камалып жаткан жакындарын үй камагына чыгарууну, ошондой эле, президент Садыр Жапаров менен жолугушууну талап кылышкан.

Касиет Мамырбайдын айтымында, акция учурунда аларга президенттик администрациянын кызматкерлери келип, алты киши менен жолугушкан.

«Бизге президенттин администрациянын кызматкерлери келип, соттор жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн Урмат Абдыбеков жана Талгат Калиев аттуу кызматкерлери менен жолуктук. Жакындарыбыздын камакка алынышы эмнеге мыйзамсыз экени тууралуу  жүйөлөрүбүздү айттык. 19 адам ачкачылык кармап, алардын үчөөнүн абалы оор экенин белгилеп, аларды ооруканага жаткырбаса, каза болуп калышы мүмкүн экенин билдирдик», — деди ал.

Ал белгилегендей, учурда ачкачылык кармап жаткан Орозайым Нарматова медициналык борбордо текшерилүүдө.

Касиет Мамырбай

Касиет Мамырбай билдиргендей, президентке камакка алынгандар боюнча туура эмес маалыматтар берилип жатат.

«Эң башкысы президент менен жолугуша албай калдык. Жолугушуу боюнча расмий кат жаздык. Президент менен жолугушууну каалаганыбыздын себеби, биздин угушубуз боюнча президентке жакындарыбыз «башаламандык уюштурууга даярдык көргөн, бийликти басып алайын деген» сыяктуу туура эмес маалымат жетип жатат», — деди ал.

Ал билдиргендей, администрациянын кызматкерлери алардын катын президентке эртерээк жетишине көмөк көрсөтөрүн айткан.

«Администрациянын кызматкерлери «соттун, прокуратуранын ишине кийлигише албайбыз, баары мыйзамдуу, мыйзамды сактайлы» деген жоопторун айтышты. Бирок биздин катты президентке эртерээк жеткирүүгө көмөктөшөрүн билдиришти», — деди ал.

Эскерте кетсек, «массалык башаламандыктарга даярдык көрүүгө» шектелип кармалгандардын ичинен 20га жакын киши бир нече күндөн бери ачкачылык кармап жатышат. Алардын ичинен Перизат Суранова, Орозайым Нарматова жана Али Шабдандын ден соолугу начарлаганы айтылууда.

22-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитети түзүлгөн. Анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген. 23-октябрда массалык тинтүү иштери башталып, 20дан ашык адам кармалып, алар 48 саатка камалган.

24-октябрда Бишкек шаарында Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы жердин Өзбекстанга берилишине жана активист, саясатчылардын камалышына каршы жөө жүрүш өткөн. 25-октябрда Биринчи май райондук соту тарабынан алар эки айга камакка алынып, кийинчерээк 20-февралга чейин камакта калтырылган.

Активист жана саясатчылардын камалышы боюнча ИИМ түшүндүрмө берип, Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу» менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын билдирген.

Камактагы Перизат Суранованын абалы начарлады. ЖАК эмне дейт?

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>