Токтогулда калкты тейлөө борбору ачылды

Токтогулда калкты тейлөө борбору ачылды

Токтогул райондук электр тармактар ишканасынын карамагында “Кардарларды тейлөө борбору” ачылды. Бул тууралуу Жалал-Абад электр тармактары ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Токтогул районунда 18 952 абонент бар. Райондун борборунда калкты тейлөө борбору ачылып, пайдаланууга берилди. Кызматкерлерге ыңгайлуу шарт жаратылып, тейлөө жагы бир жерде жүргүзүлүүгө өттү.

Абоненттер эми мурдагыдай болуп, ар адисти ар башка кабинеттен издебей, бардык маселени ушул жерден чече алышат. Оператор, инженер, кассир, юрист, жаңы абоненттерди кириштөө үчүн атайын адис жана Токтогул  РЭТинин жетекчисинин орун басары иш алып барат.

Электр энергиясына болгон төлөмдөрдү кабыл алууда, эми кезекке туруу болбойт. Тейлөө жагы алда канча ыкчам болууга өттү.

“Бир нече маселе менен келгендер ар адиске барып чуркабай, баарын бир жерден бүтүрүүгө шарттар түзүлдү. Негизги максатыбыз, кардарларга кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу. Абоненттерге ыкчам жооп берип,  аларга шарттарды жаратуу”, — деп айтылат маалыматта.

Ачылуу аземине энергетиктер жана жергиликтүү бийлик катышты.

Токтогул район электр тармактар ишканасында 144 кызматкер эмгектенет, 10 айыл өкмөттү 1 шаарды,  тактап айтканда жалпы 18 952  абонентти электр энергиясы менен камсыз кылат.

Эскерте кетсек, кардарларды тейлөө борборлору, буга чейин  Жалал-Абад, Таш-Көмүр шаарларында, Базар-Коргон, Ноокен райондорунда ачылган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>