Токтогулда милиционер «Кадастр» кызматынын башчысын өлтүрө сүздү

Токтогулда милиционер «Кадастр» кызматынын башчысын өлтүрө сүздү

Токтогулда милиция кызматкери «Кадастр» кызматынын башчысын сүзүп кетти. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

Маалым болгондой, 17-августка караган түнү «Лада 2113» унаасы Бишкек – Ош жолунда жөө адамды сүзүп кетип, аны 100 метрдей сүйрөп барган. Андан кийин унаа карама-каршы тилкеде келе жаткан Scania жүк ташуучу унаасы менен кагылышкан.

Жөө адам жол кырсыгы болгон жерде каза болгон. Ал эми унааны башкарган милиция кызматкери Токтогулдагы ооруканага жеткирилген.

Белгилүү болгондой, жол кырсыкта көз жумган киши Токтогул районунун «Кадастр» кызматынын 58 жаштагы Н.Б. аттуу башчысы болгон.

Алдын ала маалымат боюнча милиция кызматкери жол кырсыгы учурунда мас абалында болгон эмес.

«Бул факты боюнча топтолгон материал Токтогул райондук милициясында катталып, соттук-автотехникалык жана соттук-медициналык экспертизалар дайындалды. Учурда текшерүү иштери жүрүп жатат», — деп билдиришти облустук милициядан.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>