Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Марлен Маматалиев менен болгон талаштан кийин кечирим сурадыБишкекте асма метро куруу мүмкүнчүлүгү каралуудаБишкектин бир бөлүгүндө 23-октябрда ичүүчү суу убактылуу токтотулатУлуттук банк эки төлөм уюмуна 6,2 млн сом айып пул салдыКыргызстандагы 25 мектепке «Starlink» спутниктик интернетинин терминалдары тапшырылдыКыргызстанда балдардын онкологиясына бөлүнгөн каржылоо беш жылда үч эсе өстү
Төлөн уулу Бектемир милицияга жеткирилди
21.08.2023 | 20:49
Социалдык түйүндөр аркылуу коомдук маселелер боюнча өз оюн ачык билдирип жүргөн Төлөн уулу Бектемир Бишкекте милиция бөлүмүнө жеткирилди. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, ал Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында жеткирилген.
«Ыкчам тергөө амалдарынын негизинде Төлөн уулу Бектемир аттуу жаран Бишкек шаарынын ИИББнын ЭММКККнын тарабынан Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын ГОМ-8 тергөө кызматына жеткирилген», – деп айтылат маалыматта.
Төлөн уулу Бектемир искусство тармагында комузчу катары таанымал.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом