Тоң районунда 3 эм төрөлдү
Тоң районунда 3 эм төрөлдү. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 28-июнда Тоң районунун Кара-Талаа айылынын 1986-жылы туулган тургуну Айбарчын Бегалиева 3 эмди жарык дүйнөгө алып келген.
Азыркы учурда ымыркайлар облустук төрөт бөлүмүндө дарыгерлердин көзөмөлүндө. Балдардын салмагы 1915 гр, 1915 гр, 1825 гр. Аларга Саламат, Салават жана Сауле деген ысымдар ыйгарылган.
[image_carousel source=”media: 141823,141824,141825″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]