Ысык-Көлдө 90 жыл мурун курулган мектеп урай баштады

Ысык-Көлдө 90 жыл мурун курулган мектеп урай баштады

Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети 19-21-июнь күндөрү көчмө жыйын өткөрүүдө. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, иш-чаранын негизги максаты социалдык объекттердин жана автомобиль жолдордун абалын жеринен көрүү жана калкты тейлөө борборлорунун иши менен таанышуу, ошондой шайлоочулар менен жер-жерлерде жолугушуу.

Аталган комитеттин көчмө жыйыны адегенде Тоң районунун Кара-Талаа айылындагы Болот Алаков атындагы мектептин абалы менен таанышты. Мектеп 1932-жылы курулган эски мектеп экен. Айрыкча эски корпусунун абалы начар. Арткы дубалдары кулай баштаган.

Андан соң комитеттин төрагасы Бактыбек Сыдыков баштаган депутаттар Тоң районунун үстүңкү зонасындагы айыл аралык жолдордун ахвалын көрүштү. Айрыкча Кара-Талаадан Туура-Сууга чейинки жол оңдоого муктаж. Ал эми Тогуз-Булак айылындагы 2005-жылы курулган мектеп ным басып, дубалдары көчүп, жараксыз абалга келген. Жаңы мектеп курулуп жаткан. Окуучулар айылдык клубда окушат. Айылдык клубдун деле ахвалы начар. Капиталдык ремонтко муктаж.

Ага удаа эле депутаттар Көк-Сай айылындагы мектепке да баш багышты. Андан ары жол улаган Жогорку Кеңештин депутаттары Бөкөнбаев айылынын Кара-Ой участкасына кайрылып, жаңы конуштун тургундары менен жолугушту. Мындагы негизги көйгөй башкы план өзгөргөндөгү ыңгайсыздыктар, таза суунун жоктугу, социалдык обьектилерге болгон муктаждык болуп чыкты.

Комитеттин көчмө жыйынынын кийинки бөлүгү Жети-Өгүз районунда уланды. Ырдык айылынын тургундарынын тилегени эле бала бакча. 235 бөбөк бала бакчага кире албай кезекте турат. Комитеттин төрагасы Бакыт Сыдыков быйылкы жылы долбоордук сметалык документациясын даярдоо керектигин белгилеп, кийинки жылдан бул максаттарды ишке ашыруу керектигин айтты.

Ошону менен катар Чоң-Кызыл-Сууга кеткен жолдун абалы менен таанышып, аталган айылдагы мектепти көрүп чыгышты. Айылдын 2,5 чакырым жолу асфальттала турган болду.

Көчмө жыйындын ишине депутаттар — Мурадил Сыдыков, Бактыбек Чойбеков, Бахридин Шабазов, Азамат Исираилов, Медербек Саккараев, Фархат Исмаилов, Арсланбек Малиев, Элмурза Сатыбалдиев, Балбак Түлөбаев, Жаныбек Кыдыкбаев катышты.

 

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: мектеп

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>