Аксы жана Апрель окуяларында каза болгондордун жакындарына жөлөкпулдар көбөйтүлөт

Аксы жана Апрель окуяларында каза болгондордун жакындарына жөлөкпулдар көбөйтүлөт

Кыргызстанда 2002-жылдагы Жалал-Абад облусунун Аксы районунда жана 2010-жылдагы Апрель окуясында жабыр тарткандарга, каза болгондордун жакындарына жөлөкпулдарды көбөйтүү пландалууда. Мыйзамга киргизилген тиешелүү өзгөртүүлөр коомдук талкуу үчүн Министрлер кабинетинин сайтына жайгаштырылды.

Документти иштеп чыккан Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги жөлөк пулдун өлчөмүн 3700 сомдон 5500 сомго чейин көтөрүүнү сунуштоодо.

Аталган башкармалык бул жөлөк пулду Аксы жана Апрель окуяларында каза болгон жарандардын 21 жашка чейинки балдары, ата-энелери, ошондой эле бул окуялардын кесепетинен майып болгон жабырлануучулар алышат деп белгилейт. Республика боюнча жөлөкпулдун бул түрүн алуучу 562 адам бар.

Белгиленгендей, жөлөкпулдарды жогорулатуу үчүн жылына 22,4 миллион сом кошумча чыгаша талап кылынат. Каражат жакынкы жылдарга бюджетте каралган эмес. Буга байланыштуу 2022-жылдын бюджетине жана 2023-2025-жылдарга болжолуна керектүү түзөтүүлөрдү киргизүү сунушталууда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>