Бишкекте аймактын келечегине арналган ири эл аралык форум өттүАкжол Махмудов Астанадагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыктыМСК Душанбе шаарында салыктык башкарууда ЖИ колдонуу тажрыйбасын тааныштырдыЛионель Месси Астурия принцессасынын сыйлыгынын лауреаты болдуЕгипет 1-ноябрдан тарта туристтер үчүн өлкөгө кирүү эрежелерин өзгөртөтБишкекте мотоскутер айдаган өспүрүм каза болгон жол кырсыгынан кийин кылмыш иши козголду
«Кыргызтелекомдун» ээси алмашты
20.06.2022 | 11:03
“Кыргызтелеком” ачык акционердик коомунун баалуу кагаздарын кармоочулардын тизмелерине өзгөртүүлөр киргизилди. Бул тууралуу компаниядан билдиришти.
Бул Кыргызстандын министрлер кабинетинин ушул жылдын 10-майындагы токтомуна ылайык акциялар Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунан КРнын Санариптик өнүктүрүү министрлигине өткөрүлүп берилди.
«Баалуу кагаздарды кармоочулардын реестрин жүргүзүү тутумунда «Кыргызтелеком» ААКнын акцияларынын негизги пакети 13-июндан баштап санариптик өнүктүрүү министрлигине өткөрүлүп берилди», – деп билдирет «Кыргызтелеком».
Рубрики: Жаңылыктар, Коом