Тоңдо мамлекеттик архивдин жаңы имараты ачылды 

Тоңдо мамлекеттик архивдин жаңы имараты ачылды 

Бүгүн, 15-сентябрда Ысык-көл облусунун Тоң районунун Бөкөнбаев айылында Тоң райондук мамлекеттик архивинин жаңы имараты ачылды. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Ачылыш аземине Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Айнура Султанбаева, санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Жазгүл Кийизбаева, СӨМнин алдындагы Архив кызматынын төрагасы Мария Алыбаева, Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким Байышбек Астанакулов, Тоң райондук ардагерлер кеңешинин төрагасы Турсунбек Алчикеев  жана аталган кызматтын, райондун жетекчилигинин башка өкүлдөрү катышты.

Архив кызматынын Ысык-Көл региондук башкармалыгынын начальниги Берметгүл Айткулиеванын айтымында, мурунку имарат 1956-жылдары курулуп жараксыз авариялык абалга келип калган.

«Долбоор Күн-Чыгыш айыл аймагынын айыл кеңешинин сессиясында каралып 2020-жылдын 13-февралындагы №2 токтому чыгарылып 0,15 га жер тилкеси жаңы имарат курууга берилген Тоң райондук мамлекеттик архивинин жаңы имаратын салуу иштери 2022-жылдын август айында башталган», — деди ал.

Азыркы учурда Тоң райондук мамлекеттик архивинде 143 фонд 24297 сактоо бирдиги бар.

Ошондой эле, Санарипттик өнүктүрүү министирлигине караштуу Архив кызматынын буйругунун негизинде 2023-жылдын август айында 5618 сактоо бирдиги Ысык-Көл башкармалыгынан Тоң райондук мамлекеттик архивине өткөрүлүп берилди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>