Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Зындан көлү жырылды. Ага жакынкы айылдардан 400гө жакын тургундар Эшперов жана Ак-Сай айылдарына көчүрүлдү.
Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн маалыматында, көлдүн суусу Тоң суусуна карай бурулуп, ӨКМдин кызматкери көзөмөл жүргүзүп жатат.
Жабыркагандар жок.