Төө-Ашууда айдоочу унаасынан кулап түшүп, дөңгөлөк алдында калды

Төө-Ашууда айдоочу унаасынан кулап түшүп, дөңгөлөк алдында калды

Төө-Ашууда айдоочу жүк ташуучу унаанын алдына кирип кетип каза болду. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 9-августта болжол менен саат 08:00до Жайыл райондук милициясына Бишкек — Ош жолунун 120-чыкырымында жол кырсыгы катталганы тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя жерине ыкчам-тергөө тобу барып, териштирүү иштери жүргүзүлгөн.

Териштирүү учурунда белгилүү болгондой, 24 жаштагы Б.Д. аттуу жүк ташуучу унаанын айдоочусу Төө-Ашууда баратканда унаасынын эшиги ачылып кетип, кулап түшүп, каршы тилкеде келе жаткан DAF жүк ташуучу унаасынын алдына кирип кетип, каза болгон.

«Бул окуядан каза болгон жарандын денесиндеги жаракаттарды тастыкташ үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө», — деп билдиришти милициядан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>