Төө-Ашуудагы тоннель 10 саатка чейин жабылып турат

Төө-Ашуудагы тоннель 10 саатка чейин жабылып турат

Төө-Ашуудагы тоннелдин жолуна асфальт төшөө иштерине байланыштуу жол 10 саатка чейин жабылып турат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, иштер 26-июлдан 6-августка чейин жүргүзүлөт. Бул аралыкта унаалар төмөндөгүдөй график менен өткөрүлүп турат:

Сосновка өткөрүү пункту тарабынан:

— оор жүк ташуучу унаалар үчүн: түнкү саат 03:00дөн баштап 16:00гө чейин;

— жеңил унаалар үчүн: эртең мененки саат 06:00дөн баштап 16:00гө чейин жабылат.

Ал эми борбор калааны көздөй — Бишкек — Ош унаа жолунун 144-чакырымынан (Суусамыр өрөөнү):

— оор жүк ташуучу унаалар үчүн: эртең менен 05:00дөн баштап 16:00гө чейин;

— жеңил унаалар үчүн: эртең мененки саат 06:00дөн баштап 16:00гө чейин жабык болот.

Бул күндөрү тоннелдин 2510 м жолу толугу менен асфальтталат. Убактылуу жаралган ыңгайсыздыкка түшүнүү менен мамиле кылууну суранабыз.

Белгиленгендей, акыркы жолу 2000-жылдары оңдоп-түзөөдөн өткөн тоннель быйыл транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаевдин тапшырмасы менен реконструкцияланып, жолуна асфальт төшөлүүдө. Бүгүнкү күнгө чейин тоннелдин электр чубалгылары толук алмаштырылып, прожекторлору орнотулду. Ошондой эле актоо процесси жүрүп, тоннелдин бетон плиталары алмаштырылды. Азыркы тапта эски асфальтты сыйрып тазалоо иштери жүрүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>