23-октябрда өлкөнүн айрым аймактарында күн кескин сууктайтБишкек шаардык кеңешинин төрагасы Марлен Маматалиев менен болгон талаштан кийин кечирим сурадыБишкекте асма метро куруу мүмкүнчүлүгү каралуудаБишкектин бир бөлүгүндө 23-октябрда ичүүчү суу убактылуу токтотулатУлуттук банк эки төлөм уюмуна 6,2 млн сом айып пул салдыКыргызстандагы 25 мектепке «Starlink» спутниктик интернетинин терминалдары тапшырылды
Төө-Ашуудагы туннель маал-маалы менен жабылат. Графиги
12.07.2023 | 12:57
12-18-июль күндөрү Төө-Ашуудагы туннелге маал-маалы менен чектөөлөр киргизилип турат. Бул тууралуу ЖКККББдан билдиришти.
Маалыматка караганда, чектөөлөр К.Колбаев атындагы туннелдин ичинин жолун оңдоп түзөө жана жаңылоо иштерине байланыштуу.
Туннелдин ичин убактылуу жабуу убактары төмөндөгүдөй:
– 05:00дөн тартып, 08:00гө чейин;
– 10:00дөн тартып, 12:00гө чейин;
– 14:00дөн тартып, 16:00гө чейин.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочулардан алыскы жолго чыгууда, алдын ала мерчемдеп, зарылчылык болбосо түнкүсүн алыскы жолго чыкпастан, күндүзү жүрүүгө чакырат. Ошондой эле өздөрүнүн коопсуздугу үчүн, көрсөтүлгөн ылдамдыкты ашырбай, каршы тилкеге чыкпастан, жол кыймылынын коопсуздук эрежелерин так сактоону өтүнөт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом