Ысык-Көлдө төрөттө ымыркайдын акыреги сынган. Чоо-жайы

Ысык-Көлдө төрөттө ымыркайдын акыреги сынган. Чоо-жайы

Ысык-Көл облустук ооруканасынын төрөт бөлүмүндө ымыркайдын акыреги сынганы боюнча иликтөө жүрүп жатат. Аталган оорукананын директорунун орун басары Рыскан Алдашева бул окуя боюнча айтып берди.

Анын айтымында, аял төрөт үйүнө 10-августта келген. Дарыгерлер аны текшерип, диагноз коюшуп, дарылоону жазып беришкен.

«14-августта ага пландуу операция [кесарево] пландаштырылган. Бирок 13-августка караган түнү толгоосу эрте башталган. Эртең мененки саат төрттө ал медайымдан текшерүүнү суранган, алар сунуштарын беришкен жана байкоо салып турабыз дешкен», — деди ал.

Алдашева ошол түнү 8 төрөт болгонун, анын ичинде татаал операциялар болгонун кошумчалады.

«Төрөгөндөн кийин дарыгерлер аялды текшерип, өз алдынча төрөй алат деген чечимге келишкен. Бирок төрөт кыйын болуп, баланын салмагы да чоң болгон. Ушул себептен улам, моюн сөөгү сынган», — деди ал.

Учурда ымыркайга жана аялга бардык керектүү жардамдар көрсөтүлүүдө.

«Саламаттыкты сактоо министрлигинин адистери иштеп жатат, кеңейтилген жыйын да өткөрүлөт. Эгерде нөөмөттөгү дарыгерлер менен медайымдардын күнөөсү болсо, алар жоопкерчиликке тартылат», — деп кошумчалады Алдашева.

Ысык-Көлдө төрөт учурунда ымыркайдын акыреги сынган. Иликтөө башталды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>