Toyota Camry’ден 28 килограммдан ашык баңгизат табылып, төрт адам кармалды
ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан баңгизат ташуу жана сатуу менен алектенип жүрүшкөн деген шек менен төрт киши кармалды.
ИИМдин маалыматында, 26-июлда «Toyota Camry» унаасын текшерүү учурунда анын жүк салгычынан 28 кг 666 грамм «марихуана» табылып алынган. Унааны 33 жаштагы Т.Ж.М. башкарып жүргөн. Издөө иштеринин натыйжасында аталган кылмышка шектелип 32 жаштагы Э.Д.Д., 31 жаштагы И. у. О. жана 42 жаштагы Б.К.М. кармалган.
Шектүүлөрдүн Жумгал районундагы үйлөрүн тинтүү учурунда дагы 482 грамм «марихуана» жана баңгизат даярдоочу шаймандар алынган.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Учурда баңгизат жеткирүү каналдарын жана башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тергөө иштери уланууда.


