Бишкекте аймактын келечегине арналган ири эл аралык форум өттүАкжол Махмудов Астанадагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыктыМСК Душанбе шаарында салыктык башкарууда ЖИ колдонуу тажрыйбасын тааныштырдыЛионель Месси Астурия принцессасынын сыйлыгынын лауреаты болдуЕгипет 1-ноябрдан тарта туристтер үчүн өлкөгө кирүү эрежелерин өзгөртөтБишкекте мотоскутер айдаган өспүрүм каза болгон жол кырсыгынан кийин кылмыш иши козголду
1-октябрдан тарта Кыргызстанда пенсиялар олуттуу жогорулайт — Адылбек Касымалиев
04.08.2026 | 15:33

Министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев мамлекеттик маалымат агенттигине берген маегинде 1-октябрдан тарта Кыргызстанда пенсиялар кезектеги ирет жогорулатыларын билдирди.
Ал эске салгандай, учурда эң төмөнкү пенсия 7 100 сомду түзөт. Буга чейин төлөмдөр жыл сайын орточо эсеп менен 500 сомго көбөйтүлүп келген. Министрлер кабинетинин башчысынын айтымында, 1-октябрдан баштап пенсиянын эң төмөнкү өлчөмү дароо 1 700 сомго жогорулап, 8 800 сомду түзөт.
Касымалиев Социалдык фонддун бюджети мындай жогорулатууну ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берерин белгиледи.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом