Түнкүсүн үшүк жүрүп, күн ачык болот: 25-октябрга карата аба ырайыБишкекте аймактын келечегине арналган ири эл аралык форум өттүАкжол Махмудов Астанадагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыктыМСК Душанбе шаарында салыктык башкарууда ЖИ колдонуу тажрыйбасын тааныштырдыЛионель Месси Астурия принцессасынын сыйлыгынын лауреаты болдуЕгипет 1-ноябрдан тарта туристтер үчүн өлкөгө кирүү эрежелерин өзгөртөт
Салык кызматы эскертет: Мүлк салыгын төлөөнүн мөөнөтү 1-сентябрда аяктайт
04.08.2026 | 15:05

Мамлекеттик салык кызматы мүлк жана жер салыктарын төлөөнүн мөөнөтү 2026-жылдын 1-сентябрында аяктай турганын эскертип, жарандарды убагында төлөөгө чакырды.
Мекеме маалымдагандай, төлөм кечиктирилген учурда мөөнөтү өткөн ар бир күн үчүн карыздын суммасына 0,09 пайыз өлчөмүндө туум кошулат.
Мүлк жана жер салыгына төмөндөгүлөр кирет:
- ишкердик үчүн колдонулбаган турак жайлар жана батирлер;
- үй жанындагы, короо алдындагы жана бакча-чарба жер тилкелери.
Салыктын суммасын салык төлөөчүнүн кабинетинен билүүгө болот. Төлөмдү онлайн форматта QR-код же төлөм коду аркылуу ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү бар.
Теги: салык, Салык кызматы