Трамп АКШнын бардык 50 штатында табигый апаат жарыялады

Трамп АКШнын бардык 50 штатында табигый апаат жарыялады

Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп коронавирус пандемиясына байланыштуу АКШнын бардык 50 штатында табигый апаат жарыялоо тууралуу декларацияга кол койду. 

Ак үй билдиргендей мындай табигый апаат АКШнын бардык аймагында биринчи жолу жарыяланды.

Кошмо Штаттарында коронавирустан 20 миңден ашык киши каза болуп, адам курмандыктарынын саны боюнча Италиядан ашып, биринчи орунга чыкты. Көз жумгандардын көбү Нью-Йорк штатына туура келет. Бул аймакта 8,5 миң киши өлдү. АКШда вирусту жуктургандардын саны 500 миң кишиден ашты.

Ал эми Италияда COVID-19 вирусунан 19 миңден көп адам каза тапты. Вирус 152 миң адамдан табылды.

Адам өлүмү боюнча үчүнчү орунда Испания турат. 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>