Транспорт министри Жанат Бейшенов кызматтан алынат

Транспорт министри Жанат Бейшенов кызматтан алынат

Транспорт жана жол министри Жанат Бейшенов кызматтан алынат. Бул тууралуу Reporter.kg`ге өздүк булактар кабарлады.

Азырынча маалыматты расмий органдардан тактоого мүмкүн болгон жок.

Жанат Бейшенов бул  кызматка өткөн жылдын январь айында дайындалган.

Жакында эле Транспорт жана жол министринин орун басары Жеңишбек Ногойбаев жана министрликтин алдындагы суу транспорту жана салмак габаритин көзөмөлдөө агенттигинин  директору Анарбек Бекмуратов Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлерине 10 миң доллар өлчөмдө пара берип жатып колго түшкөн.

Алар сотко чейинки өндүрүшкө фигурант катары катталган министрликтин кызматкерлеринин кылмыш ишин токтотууну көздөшкөн.

2018-жылдын декабрь айында ошол кездеги Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов орун басары Азимкан Жусубалиев 50 миң доллар пара менен кармалгандан кийин кызматтан кеткен.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>