Дастан Бекешев мектептер, мугалимдер жана бүтүрүүчүлөр үчүн эрежелерди өзгөртүүнү сунуштадыСадыр Жапаров Бишкектеги «ШКУ+» саммитинин жыйынтыгын чыгардыКыргызстан жана Түркия кызматташтыкты кеңейтүүнү көздөшүүдө — лидерлердин жолугушуусуДүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстандын командасынын негизги атаандаштары аталдыАт чабыштан айтышка чейин: Ысык-Көлдө Көчмөндөр оюндарынын конокторун эмнелер күтөт, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары айтып бердиБишкекте 2-сентябрда жарык каяктарда өчүрүлөт — көчөлөрдүн тизмеси
Жапаров: Кыргызстандын мамлекеттик карызы ИДПнын 50 пайызынан ашпоого тийиш
21.07.2026 | 12:28

Президент Садыр Жапаров мамлекеттик карыздын көлөмү Кыргызстандын ички дүң өнүмүнүн (ИДП) 50 пайызынан ашпоосу керек деген милдет өкмөттүн алдына коюлганын билдирди.
«Эгер 2020-жылга чейин биздин тышкы карызыбыз ИДПнын 120 пайызын түзүп келген болсо, бүгүнкү күндө жалпы карызыбыз ИДПбыздын 39 пайызын түзөт. Бул санды келечекте эң көп болсо 50 пайыздан ашырбашыбыз керек деген тапшырманы өкмөттүн алдына койгом. Ар бир алынган карыз мурдакыдай кумга сиңген суудай болуп кетпестен, көрүнүктүү, 100 пайыз көзөмөлгө алынган, келечекте өз карызын өзү жапкан долбоорлорго жумшалып жатат», — деди ал.
Президент дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө мамлекеттик карыз ИДПнын 100 пайызынан ашып кеткенин белгилеп, бирок Кыргызстан аларды үлгү катары албашы керектигин айтты.
Теги: Садыр Жапаров