Туйгунаалы Абдраимов эки айга камакка алынды

Туйгунаалы Абдраимов эки айга камакка алынды

2-майда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы төрагасы Туйгунаалы Абдраимовдун бөгөт чарасы каралып, 30-июнга чейин УКМКнын тергөө абагына камалды. Бул тууралуу анын жактоочусу Таалайгүл Токтакунова билдирди.

«30-июнга чейин абакта калтыруу чечими чыкты. Биз жогорку инстанцияга даттанабыз. Бул айыптоодо «Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу» деп айтылды. Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчисинин башка мамлекеттик органдарга тапшырма бергидей ыйгарым укугу барбы? Бул жерде козголгон кылмыш иши боюнча суроо жаралды»,-деди Токтакунова.

УКМК экс-төрага «БШКны жетектеп турган учурунда Ысык-Ата районунун Жээк айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлерин мажбурлап, 11,2 гектар таштанды талаасын өзүнө таандык «Кайнар» ишканасынын карамагына бекер өткөрүп алган» деп, 30-апрелде кармалган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынын билдирүүсүндө, «Кайнар» ишканасы аталган тилкеде катуу калдыктарды жок кылуу боюнча өзүнө жүктөлгөн милдетти аткарбаганы, Кант шаардык мэриясы 2015-жылдан бери катуу тиричилик таштандыларын жок кылуу үчүн ай сайын 250 миң сомдон “Кайнарга” төлөп турганы айтылат.

«Бул фактылар боюнча 30-апрелде УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси («Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу») боюнча кылмыш иши козголуп, ага шектүү Т.Абдаримов кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди»,- деп айтылган атайын кызмат тараткан маалыматта.

Туйгунаалы Абдраимов 2005-2006-жылдары, кийинчерээк 2011-2016-жылдары Борбордук шайлоо комиссиясын башкарган. 2007-2010-жылдары Саламаттык сактоо министрлигин жетектеп турган. 2018-жылы өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү болуп дайындалып, бул кызматта бир жылга жакын иштеген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>