Кыргызстандагы «Гриппол Плюс» вакцинасы грипптин актуалдуу штаммдарына ылайык жаңыртылды — Саламаттык сактоо министрлиги

Кыргызстан сатып алган орусиялык «Гриппол Плюс» вакцинасы грипп вирусунун актуалдуу штаммдарын эске алуу менен жаңыртылган. Бул тууралуу Reporter.kg басылмасына КР Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин дарыгер-эпидемиологу Динагүл Оторбаева билдирди.
Анын айтымында, гриппке каршы вакциналардын курамы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) божомолдоруна ылайык жыл сайын жаңыланып турат.
ДССУнун Түндүк жарым шар үчүн 2026–2027-жылдардагы эпидемиологиялык мезгилге берген сунуштарына ылайык, үч валенттүү вакцинанын штаммдык курамы жаңыртылган. Анын курамына үч компонент кирет: A(H1N1) гриппинин бир штаммы, A(H3N2) штаммынын бири жана Victoria линиясындагы В гриппинин бир штаммы. Үч валенттүү вакциналар вирустун үч штаммынын антигендерин камтыйт.
Буга чейин А гриппинин эки штаммын жана В гриппинин эки линиясын (Victoria жана Yamagata) камтыган төрт валенттүү вакциналар кеңири колдонулуп келген.
Бирок 2020-жылдын мартынан бери жайылып жаткан вирустардын арасында B/Yamagata линиясы аныкталбай калган. Буга байланыштуу ДССУ бул компонентти сезондук гриппке каршы вакциналардын курамынан чыгарууну сунуштаган.
Эске салсак, Орусиянын Саламаттык сактоо министрлигинин А. А. Смородинцев атындагы Грипп илим-изилдөө институтунун директору Дмитрий Лиознов учурдагы эпидсезондо грипп вирусунун жаңы штаммдары жайылып жатканын билдирген. Анын айтымында, вакциналардын компоненттери алардын жайылышын эске алуу менен жаңыртылган.
Лиознов ошондой эле эмдөөнүн зарылдыгын, өзгөчө калктын аялуу катмары — балдар, кош бойлуу аялдар, улгайган адамдар жана өнөкөт оорулары барлар үчүн өтө маанилүү экенин белгилеген.
Буга чейин Оторбаева Reporter.kg басылмасына Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги 2026-жылы «Гриппол Плюс» вакцинасынан 63–64 миңге жакын доза сатып алганын билдирген. Препарат өлкөнүн аймактарына бөлүштүрүлүүдө. Ошондой эле дагы 100 миңге жакын дозаны кошумча сатып алуу маселеси талкууланууда.
Анара Мамытова