«Түндүк» тиркемесинде коррупция тууралуу билдирүү кызматы пайда болду

Башкы прокуратура «Укук» ММси жана «Түндүк» ААКсы менен биргеликте «Түндүк» мобилдик тиркемесинде жарандарга коррупциялык укук бузуулар боюнча кайрылууларды жөнөтүүгө мүмкүндүк берген жаңы «Коррупция жөнүндө кабарлоо» санариптик кызматын ишке киргизди.
Жаңы сервис «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзамды жана 2026–2027-жылдарга карата Коррупцияга каршы маалыматтык саясаттын мамлекеттик программасын ишке ашыруунун алкагында түзүлдү. Ал кайрылууларды берүүнү жөнөкөйлөтүүгө, жарандардын мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүсүнүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга жана коррупция менен күрөшүүнүн санариптик механизмдерин өнүктүрүүгө багытталган.
Билдирүү жөнөтүү үчүн колдонуучу «Түндүк» тиркемесин ачып, «Коррупция жөнүндө кабарлоо» кызматын тандап, электрондук форманы толтуруп, зарыл болсо тастыктоочу материалдарды тиркеп, кайрылууну жөнөтүшү керек.
Арыз ээсинин тандоосу боюнча билдирүү алардын ыйгарым укуктарынын алкагында кароо үчүн Башкы прокуратурага же Ички иштер министрлигине жөнөтүлөт.
Башкы прокуратура болжолдонгон коррупциялык укук бузуунун жагдайларын, анын ичинде ордун, убактысын, катышуучуларын жана башка маанилүү деталдарын мүмкүн болушунча кеңири көрсөтүүнү сунуштайт. Кайрылуулар Кыргызстандын мыйзамдарында белгиленген тартипте каралат.
Мекемеден белгилешкендей, жаңы сервистин ишке киргизилиши жарандардын санариптик технологиялардын жардамы менен коррупциянын алдын алууга катышуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүдөгү кезектеги кадам болуп калды.