Кыргызстан менен Өзбекстан үрөнчүлүк жана мал чарбачылыгы тармагында кызматташтыкты кеңейтишет

Кыргызстан менен Өзбекстан агроөнөр жай комплексиндеги биргелешкен долбоорлорду иш жүзүндө ишке ашырууга өтүүнү макулдашышты. Тараптар үрөнчүлүк, картошка өстүрүү, күрүч өстүрүү жана мал чарбачылыгы тармагындагы кызматташтыкка өзгөчө көңүл бурушат.
Тиешелүү макулдашуулар КР Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Илич Марсбек уулунун Өзбекстандын айыл чарба министринин орун басары Кахрамон Юлдашев менен болгон жолугушуусунда жетишилди.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар сортторду биргелешип сыноодон өткөрүү, селекциялык жетишкендиктер жана үрөн материалдары менен алмашуу, айыл чарба продукциясын жеткирүү, заманбап технологияларды киргизүү, асыл тукум мал чарбачылыгын өнүктүрүү, ошондой эле эки өлкөнүн илимий мекемелеринин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо маселелерин талкуулашты.
Жолугушуунун жыйынтыгында биргелешкен өндүрүштүк долбоорлорду ишке ашыруу, инвестиция тартуу, тажрыйба алмашуу жана Кыргызстан менен Өзбекстандын айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн ортосундагы кооперацияны кеңейтүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча макулдашууларга жетишилди.