Түгөлбай Сыдыкбековдун чыгармаларынын 15 томдугу чыкты

Түгөлбай Сыдыкбековдун чыгармаларынын 15 томдугу чыкты

Кыргызстандын баатыры, Кыргыз эл жазуучусу Түгөлбай Сыдыкбековдун чыгармаларынын 15 томдук жыйнактар китебинин бет ачары өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Иш-чара бүгүн, 12-апрелде Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада өтүп, ага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, маданият  министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев, академик Абдылдажан Акматалиев, Роза Айтматова, Сыртбай Мусаев, Кулубек Бөкөнбаев, Кыргызстандын эл акындары Надырбек Алымбеков, Анатай Өмүрканов, Кыялбек Урмамбетов, Жогорку Кеңештин депутаттары жана башка бир катар коомдук ишмерлер, илим жана маданият чөйрөсүндөгү көрүнүктүү инсандар катышкан.

Катышуучулар Түгөлбай Сыдыкбековдун чыгармачылыгы, адамдык бийик парасаты тууралуу сөз сүйлөштү.

Китеп президент Садыр Жапаровдун жарлыгынын негизинде Улуттук илимдер академиясынын Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун окумуштуулары тарабынан түзүлүп, редакцияланып, Маданият министрлиги, Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын колдоосу менен басылып чыккан. Чыгармалар топтомуна жазуучунун аңгемелери, повесттери, романдары, эскерүүлөрү, публицтикалары камтылган.

«Түгөлбай Сыдыкбеков Кыргыз тарыхын калыс иликтөөгө, кыргыз тилин ички сөз кампасына ылайык байытууга замандаштарын үндөгөн. Расмий бийликтерди бул жааттагы өксүктөрү үчүн тайманбастан ачык сындаган», — деп билдирет министрлик.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>