Жапаровго Ысык-Көлдүн космостон тартылган сүрөтү тапшырылды  

Жапаровго Ысык-Көлдүн космостон тартылган сүрөтү тапшырылды  

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-апрелде — Эл аралык космонавтика күнүндө россиялык сыноочу-космонавт Сергей Корсаков менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Сергей Корсаков 1984-жылы Фрунзе шаарында туулган, борбор калаадагы №24 А.Токомбаев атындагы мектепте окуган. Ал убагында «Союз МС-21» космос кораблинин бортунан кыргызстандыктарды Эгемендүүлүк күнү менен, бишкектиктерди Шаар күнү менен куттуктаган.

Садыр Жапаров Сергей Корсаковду жылуу тосуп алып, кесиптик майрамы — Эл аралык космонавтика күнү менен куттуктаган.

Ал атактуу мекендештерин алар үчүн жакын болгон, туулуп-өскөн кичи мекенинде — Кыргызстанда дайыма кубануу менен тосуп аларын белгиледи.

Садыр Жапаров президент катары мекендештерди ар тараптан колдоого жана аларга дем берүүгө даяр экенин баса белгиледи.

«Албетте, азыр кандай экенин билбейм, бирок биздин учурда ар бир экинчи бала космонавт болууну кыялданчу. Менимче, сиз да ошолордун арасында болгонсуз. Бактыга жараша, сиздин кыялыңыз орундалды. Ааламдын бардык кооздуктарына суктануу жана космос мейкиндигин изилдөө мүмкүнчүлүгүңүздүн узак мөөнөттүү жана оңтойлуу болушун каалайм», — деди Жапаров.

Өз кезегинде космонавт Сергей Корсаков президентке жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, ал үчүн туулуп-өскөн Бишкек шаарында болуу чоң сыймык жана кубаныч экенин белгиледи.

«Кыргызстан менин жүрөгүмдө өзгөчө орунду ээлейт, анткени менин балалыгым, өспүрүм чагым ушул жерде өттү. Кыргызстанда билим алдым, менин мүнөзүм ушул жерде калыптанган, тагыраак айтканда, менин карьерама өжөрлүгүм жана тырышчаактыгым таасирин тийгизди», — деди космонавт.

Эл аралык космос станциясынын бортунда жеке буюмдарга чектөөлөргө карабастан, ал өзү менен кошо Кыргызстандын жана туулуп-өскөн Бишкек шаарынын желектерин ала кеткенин айтып берди.

Сергей Корсаков президентке 2022-жылдын 18-мартынан 29-сентябрына чейин космосто жанында ала жүргөн, Эл аралык космос станциясынын штампы басылган Кыргызстандын желегин тартуу кылды. Мындан тышкары, космонавт космостон тартылган сүрөттөрдү, анын ичинде Ысык-Көлдүн сүрөтүн тапшырды.

Жолугушуунун соңунда Жапаров Сергей Корсаковду жана анын кесиптештерин Ысык-Көлдүн жээгинде эс алууга, Юрий Гагарин учкандан кийин ден соолугун калыбына келтирген жерлерге барууга чакырды. Ал ошондой эле космонавтка мындан аркы ийгиликтерди каалап, эстеликке белектерди тапшырды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>