Катуу үн чыгарган унааларды пайдаланууга тыюу салуу сунушталуудаБаткенде аскер комиссариатынын кызматкери пара талап кылууга шектелип кармалдыСыймык Жапыкеев кыргыз тили боюнча тестти экинчи аракетинде тапшырдыТүнкүсүн үшүк жүрүп, күн ачык болот: 25-октябрга карата аба ырайыБишкекте аймактын келечегине арналган ири эл аралык форум өттүАкжол Махмудов Астанадагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыкты
Тынчтык Шайназаров кайрадан Кыргызстандын БШК төрагасы болду
03.06.2026 | 17:43

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (БШК) жаңы курамынын биринчи отуруму болуп өттү. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Отурумду БШКнын жаш курагы боюнча эң улуу мүчөсү Бөдөш Мамырова ачты.
КРнын «КР БШКсы жөнүндө» конституциялык мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, Борбордук шайлоо комиссиясынын курамы эми сегиз мүчөдөн турат. Буга чейин алардын саны 12 болчу.
Ошондой эле мыйзамга ылайык, биринчи отурумда төрага жана анын орун басарлары шайланат.
БШК мүчөлөрүнүн ачык добуш берүүсүнүн жыйынтыгы менен 8 добушка ээ болгон Тынчтык Шайназаров КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы болуп шайланды.
Русланбек Жакышов жана Лейла Лурова бир добуштан БШК төрагасынын орун басарлары болуп шайланышты.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом