ЖК депутаты алдамчылар боюнча милицияга кайрылды

Жогорку Кеңештин депутаты Медербек Алиев жарандарды алдоо үчүн депутаттардын атын пайдаланып жаткан интернет-алдамчыларды аныктоо өтүнүчү менен Ички иштер министрлигине кайрылганын билдирди.
Бул тууралуу ал парламенттин жыйынында Президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Нурлан Бообековго кайрылып жатып айтты.
Депутаттын айтымында, интернеттин өнүгүшү менен өздөрүн депутат катары көрсөтүп, алардын атынан билдирүүлөрдү жөнөткөн шылуундардын саны көбөйдү.
«Тилекке каршы, XXI кылымда интернеттин кеңири жайылышына байланыштуу депутаттардын атынан иш алып барган алдамчылар абдан көбөйдү. Менин атымдан дагы жарандарга кайрылып жаткан учурлар кездешүүдө», — деди Алиев.
Ал ички иштер министри Улан Ниязбековго расмий кайрылуу жолдоп, алдамчыларды таап, мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартууну өтүнгөнүн маалымдады.
Мындан тышкары, депутат Нурлан Бообековдон дагы бул маселеде көмөк көрсөтүп, мыйзамдуулукту камсыздоого жана алдамчыларды жоопкерчиликке тартууга көмөктөшүүнү суранды.
«Бул маселени сиздин дагы көңүлүңүзгө жеткирип, мыйзамдуулукту камсыз кылууга жана алдамчыларды жоопкерчиликке тартууга көмөк көрсөтүүңүздү өтүнөм», — деди депутат.