«Түндүк электр» ишканасынын мурдагы башкы директору кармалды

«Түндүк электр» ишканасынын мурдагы башкы директору кармалды

“Түндүк электр” ААКнын кызмат адамдары 107 даана күч трасформаторлорун сатып алууда мамлекетке 3 млн 949 миң 500 сом зыян келтирген. Буга байланыштуу “Түндүк электр” ААКнын мурдагы башкы директору К.А.Т. кармалды.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, мурдагы мамлекеттик кызматкерлер билип туруп мамлекет үчүн пайдасыз келишим түзгөн.

“Кылмыш иштин алкагында “Түндүк электр” ААКнын мурдагы башкы директору К.А.Т. Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) жана 339-беренеси (“Билип туруп пайдасыз келишим түзүү”) менен шектүү катары кармалып, Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди”, — деп айтылат маалыматта.

Бүгүнкү күндө аталган кылмыш ишине тиешеси бар мындан башка да кызмат адамдарын аныктоо жана келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча чаралар көрүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>