Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Бишкектин чок ортосунда шаар тургунун тоноп кетишкен
06.04.2023 | 17:02
Бишкекте тоноого шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук милициясынан билдиришти.
Маалым болгондой, 25-мартта милицияга А.А. аттуу жаран кайрылган. Ал арызында билдиргендей, 24-мартта болжол менен саат 23:00до белгисиз адамдар Чүй менен Раззаков көчөлөрүнүн кесилишинде күч колдонуп, 6,5 миң сомдук Samsung А52 телефонун жана 2 миң сом акчасын тартып алган.
Бул фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (тоноо) боюнча кылмыш иши козголгон.
Милиция бул ишке шектүү катары 2004-жылы туулган Ч.Н. жана 2008-жылы туулган Т.С. аттуу жарандарды кармаган. Алар убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Учурда алардын ушул сыяктуу башка иштерге катыштыгы текшерилүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз