Банктар сом менен чет өлкөлүк валютага караганда 15 эсе көп депозит кабыл алыштыБанктардагы жаңы депозиттердин көлөмү сегиз айда 29%га өстүБишкекте турак үйлөрдөн жасалма алкоголдук ичимдиктерди өндүрүү жайлары аныкталдыКР коргоо министринин мурдагы орун басары Бишкектин кырсыктарга даяр эместигин эскерттиҮй-бүлөлүк зомбулуктун 68%га өсүшү: Кыргызстанда жаңы чаралар сунушталуудаӨзбекстан Самарканд тууралуу жарыяланган посттор үчүн Ирандын элчисине нааразылык нотасын тапшырды
Түндүк-Түштүк жолундагы ири тоннель декабрь айында ишке берилет
23.08.2024 | 11:32
Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолундагы ири тоннель декабрь айында ишке берилет. Бул тууралуу Министрлер кабинети билдирди.
Көк-Арт ашуусунда курулуп жаткан тоннелдин узундугу 3 миң 890 метрди түзөт.
Ал таза аба менен камсыздоо системасы, унаа түтүнүн чыгаруу тутуму, желдетүүчү жабдыктар, вентиляциялык камера, жер астындагы трансформатордук көмөкчордон, өрт өчүрүүчү насостук станциялар, диспетчердик борборлор, ошондой эле кошумча эмеректерди жана электр жабдууларын жайгаштыруу үчүн көмөкчү бөлмөлөр менен камсыздалат. Учурда бетонду төшөө иштери жүрүп жатат.
Альтернативдик унаа жолунун негизги иштеринин бүткөрүлүшү 2024-жылдын декабрында күтүлүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика