Тыныбекова: Жыл сайын кыз-келиндер күрөшүнүн популярдуулугу өсүүдө

Тыныбекова: Жыл сайын кыз-келиндер күрөшүнүн популярдуулугу өсүүдө

Кыргыз спортчусу Айсулуу Тыныбекова Бишкек шаарында кыз-келиндер күрөшү боюнча командага спортзалдын курулушун баштоо үчүн капсула салуу аземине катышканын социалдык түйүнүндөгү баракчасына жазды.

“Көп жылдар бою биздин команданын өзүнүн залы жок болуп, башка залдарда машыгууга аргасыз болуп келебиз. Баарыңыздар байкагандай жыл сайын кыз-келиндер күрөшүнүн популярдуулугу өсүүдө. Биз медаль алып келген ар бир мелдештен кийин машыгууну каалагандардын саны көп.

Буюрса зал салынып бүтсө жаш муундарга тажрыйбабызды бөлүшө турган жайга айланат деген үмүттөнөм. Бул кыргыз спорту үчүн маанилүү окуя. Мамлекетибизге, өзгөчө президент Садыр Нургожоевичке спортту өнүктүрүүгө, заманбап спорттук инфраструктуранын курулушуна, спортчулардын машыгуу шарттарын жакшыртуу боюнча бир топ алгылыктуу иштер жүргүзүлүп жатканы үчүн ыраазычылык билдирем.

Ушул жаңы залда Париждеги Олимпиада оюндарына даярданууга мүмкүнчүлүк болот деп үмүттөнөм жана Кыргызстанды дүйнөгө даңазалаган жаңы муундагы чемпиондор тарбияланып чыгаарына ишенем!” – деди Тыныбекова.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>