УКМК тажик тараптын «Байрактарды» алганы боюнча үн катты

УКМК тажик тараптын «Байрактарды» алганы боюнча үн катты

Тажик тарап түркиялык  компаниялар менен “Байрактар” маркасындагы учкучсуз учуучу учактарын сатып алууга келишим тузгөн эмес. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдирди.

Маалыматка караганда, тажик тарап түркиялык “Байрактар” учкучсуз учуучу учактарын сатып алганы тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарында чыккан маалыматтын алкагында, алынган ишенимдүү маалыматтарга караганда, тажик тарап “Байрактар” учкучсуз учуучу учактарды чыгаруучу “Байкар Макина” компаниясы менен, ошондой эле башка түркиялык ушуга окшогон өндүрүүчүлөр менен учкучсуз учуучу учактарды сатып алуу боюнча келишим түзгөн эмес.

Буга байланыштуу тажик тарап түркиялык “Байрактар” учкучсуз учуучу учактарын сатып алганы тууралуу маалымат такталбаган маалымат.

Ошону менен бирге Кыргызстан Борбордук Азия чөлкөмүндө туруктуулукту жана коопсуздукту сактоо үчүн бардык күч-аракетин жумшап, тынчтык жана жакшы коңшулук саясатын жүргүзүп жатканын маалымдайбыз. Кыргыз тарап сатып алган түрк учкучсуз учуучу учактары Ооганстандагы кырдаалга байланыштуу Борбордук Азия мамлекеттерине террордук жана диний-экстремисттик коркунучтун жогору болуп жаткандыгына байланыштуу коргонуу максатында гана алынган. Кыргыз тарап коңшу мамлекеттерге карата агрессивдүү саясатты эч качан карманган эмес жана карманбайт”— деп айтылат билдирүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>