Кыргызстандык аял Түркиядагы жер титирөөдө каза болду

Кыргызстандык аял Түркиядагы жер титирөөдө каза болду

Түркиядагы жер титирөөнүн кесепетинен Хатай шаарында Кыргызстандын жараны (аял киши) каза болгонун Тышкы иштер министрлиги 11-февралда билдирди.

Маркумдун өздүгү жакындары тарабынан аныкталган.

«Кыргызстандын Анталиядагы Башкы консулдугунун өкүлдөрү жеринде болуп, документтерди даярдоого жана маркумдун сөөгүн мекенине жөнөтүүгө көмөктөшүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 6-февралда Түркиянын түштүк-чыгышында жана Сириянын түндүгүндө катуу жер титирөөлөр болгон. Анын айынан, акыркы маалыматтар боюнча, Түркияда 21800 киши каза тапты.

Жер титирөөгө байланыштуу Кыргызстан куткаруу иштерине жардам берүү үчүн Түркияга 67 ӨКМ кызматкерин жөнөткөн. Алар Түркиянын Кахраманмараш шаарында иштөөдө. Андан тышкары, Кыргызстан Түркияга гуманитардык жардам жөнөтөрү кабарланган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>