Аялдардын пенсиялык курагын көтөрүү. Мыйзам долбоор кайтарылды

Аялдардын пенсиялык курагын көтөрүү. Мыйзам долбоор кайтарылды

Бүгүн, 8-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндөгү” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр экинчи окууда каралды.

Аталган мыйзам долбоору боюнча Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы Винера Раимбачаева маалымат берди.

Мыйзам долбоор боюнча мамлекеттик социалдык камсыздандыруунун пенсиялык саясаты тармагына бир катар өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда. Алардын бири – аялдардын пенсияга чыгуу курагын көтөрүү.

“Бийик тоолуу аймактарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн пенсияга чыгуу курагын 3 жылга, эркектер үчүн — 55 жаштан 58 жашка чейин, аялдар үчүн — 50 жаштан 53 жашка чейин жогорулатуу. Ошондой эле, 3 же андан көп бала төрөгөн жана тарбиялаган энелер үчүн — этап менен пенсияга чыгуу курагын — 45 жаштан 48 жашка чейин көтөрүү (2023-жылдан баштап)”,  — деп айтылат маалыматта.

Талкууда депутат Гуля Кожокулова мыйзам долбоорунда жарандардын кызыкчылыгы эске алынбагандыгын белгилеп, четке кагууну сунуштады.

Ал эми депутат Адахан Мадумаров баш мыйзамдын 44-беренесинде пенсия белгиленген жашоо минимумунун өлчөмүнөн төмөн эмес болушу керектигин айтып, долбоорду колдоодон баш тартууга чакырды.

Өз кезегинде Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Гүлнура Жуматаева сунушталган мыйзам долбоору пенсиянын көлөмүн жашоо минимумунун өлчөмүнөн жогорулатууга багытталганын айтып, кабыл алынса 50 миң пенсионердин пенсиясы жогорулай турганын маалымдады.

“Бүгүнкү күндө пенсионерлердин 57-58%ы жашоо минимумунан жогору пенсия алат”, – деди Социалдык фонддун өкүлү.

Ошондой эле депутат Камила Талиева азык-түлүктүн наркы күн сайын өсүп жатканын айтып, пенсиянын көлөмүн жыл сайын көтөрүп туруу зарылчылыгына токтолду.

Андан тышкары, депутат Русланбек Жакышов өмүр бою бир тармакта иштеп, ар кандай сыйлык-наамдарды алган жарандардын пенсиясы кандай болоруна жана персоналдык пенсионерлердин санына кызыкты.

2015-жылдан баштап, андай артыкчылыктар каралбай калганын айткан Гүлнура Жуматаева 1700дүн тегерегинде персоналдык пенсионер бар экенин маалымдады.

Андан тышкары, депутат Дастанбек Жумабеков тоолуу аймактардагы жарандар үчүн жеңилдиктер ошол бойдон калышы керектигин айтса, айрым депутаттар да мыйзамдагы өзгөрүүлөргө каршылыгын билдирди.

Жыйынтыгында айтылган сунуштардын негизинде мыйзам долбоорун комитеттин кароосуна кайтаруу чечими кабыл алынды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>