Түркия жана Сириядагы зилзала. Куткарылгандардын видеосу

Түркия жана Сириядагы зилзала. Куткарылгандардын видеосу

Түркия жана Сирияда жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу иштери уланууда.

Акыркы маалыматтар боюнча кырсыктан эки өлкөдө көз жумгандардын саны 9,5 миңден ашты. Түркияда 6957 киши каза таап, 37 миңден көп адам жараат алган. Сирияда 2547 киши каза болуп, 4 миңдей тургун жабыркаган.

Түркиянын Табигый кырсыктардын жана өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу башкармалыгынын маалыматы боюнча Түркиядагы жер титирөөдө каза болгондордун саны 7108ге жетти.

«Акыркы маалыматтар боюнча жер титирөөдөн 7108 адам каза болсо, жабыркагандардын саны 40 910», — деп айтылат билдирүүдө.

Учурда эки өлкөдө тең куткаруучулар уранды алдында калган адамдарды куткаруу боюнча иштерди жүргүзүүдө. Түркияга бир катар өлкөлөр ар тараптуу жардам көрсөтүүдө. Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 63 куткаруучу Түркияга жиберилген.

6-февралда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган жер титирөөгө байланыштуу 12-февралга чейин аза күтүү жумалыгын жарыялаган.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от REPORTER.KG (@reporter.kyrgyz)

Бүгүн, 8-февралда Түркиянын Бишкектеги элчилигинин алдында Түркияны колдоо акциясы өттү. Акциянын катышуучулары жаратылыш кырсыгы адам өмүрүн алган, кыйроолорду алып келген кыйын күндөрү Кыргызстан Түркияны колдой турганын айтышып, тилектештигин билдиришти.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>