Түркияда 16 миңдей адам курмандык чалып жатып жаракат алды

Түркияда 16 миңдей адам курмандык чалып жатып жаракат алды

Түркияда Курман айттын биринчи күнүндө 16 миңге жакын адам курмандык чалып жатып жаракат алды. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа билдирди.

Анын айтымында, Анкарада 1 миң 274 киши, Стамбулда 840, Измирде 416, өлкө боюнча 16 миңдей адам мал союу учурунда жаракат алып, ооруканаларга кайрылган. «Бөдөнөнү сойсо да, касапчы сойсун» деген ойду айткан министр кишилердин жаракат алышына малды үйрөнчүктөр союп жатканы себеп экенин билдирген. Мындан улам ал алдыда курмандык чалууну каалаган жарандарга аталган жагдайды эске алууну сунуштаган.

Түркиялык басылмалар жазгандай, айрым адамдар мал союп жатып колун, бутун кесип алса, башкалары касапчынын колундагы бычактан жараат алган. Жаракат алгандардын арасында үйрөнчүктөр да жана көп жылдан бери мал союп жүргөндөр да бар.

Ошондой эле курмандык чалуу учурунда каза болгон адам бар экени жазылууда. Маалым болгондой, Стамбул облусунун Арнавуткөй шаарында касапканада мал союп иштеген 56 жаштагы адамдын жүрөгү кармап калып, ал колундагы бычагына кулап түшкөн. Ал ооруканага жеткирилип, бирок дарыгерлердин көргөн аракетине карабай көз жумган.

Тэги: Түркия

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>