“Тилди кысып сүйлөңүз”. Парламентте депутаттар айтышып кетти

“Тилди кысып сүйлөңүз”. Парламентте депутаттар айтышып кетти

Жогорку Кенеште мал урдоого жазаны күчөтүү боюнча мыйзам долбоорду талкулоо учурунда депутат Дастан Бекешев менен Сүйүнбек Өмүрзаков айтышып кетти.

Дастан Бекешев мыйзам долбоордо малдын баасы, адамдыкынан жогору болуп калганын айтты. “Адам уурдаса 10 жылга кесилет, мал уурдаса 12 жыл. Муну оңдойлу”, — деди ал.

Долбоордун демилгечиси Сүйүн Өмүрзаков мындай жаза кошуна Казакстанда дагы киргизилгенин белгилеп, кесиптешин өтө эле гумандуу болбоого чакырды.

Дастан Бекешев Сүйүн Өмүрзаковдун комитети  Башкы прокуратураны колдоп, анын турак жайлардын жана имараттардын сейсмологиялык коопсуздугу боюнча мыйзам долбоорун четке какканын айтты. “Эки жүздүүлүк болуп жатат” — деп кошумчалады ал.

“Тилди кысып сүйлөңүз. Сизди кечирем, сиз кечиримдүү адамсыз. Бөйрөктөн шыйрак чыгарбаңыз, элди башка жакка бурбаңыз. Сиздин мыйзамдагы нормалар башка мыйзамдарда бар”, — деди ал.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>