Түркияда «Кыргыз сейил багы» атындагы парк ачылды

Түркияда «Кыргыз сейил багы» атындагы парк ачылды

Түркиянын Каппадокия аймагындагы Учхисар муниципалитетинде Кыргызстандын Эгемендик күнүнө карата 31-августта «Кыргыз сейил багы»  атындагы парк ачылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Сейил бактын ачылышына элчи Кубанычбек Өмүралиев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана башкалар катышкан.

Сейил бактын ачылуу аземине карата бөз үйлөр тигилип, келген коноктор «Достук багын» отургузган.

Ошондой эле Эгемендик күнүн майрамдоонун алкагында Учхисар мунарасында Кыргызстандын маданиятын, каада-салттарын, кыргыз элинин турмуш-тиричилигин чагылдырган сүрөт көргөзмөсү өткөн. Андан тышкары кыргыз жана түрк өнөрпоздорунун катышуусунда майрамдык концерт уюштурулган.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>