Түркиядагы мелдеш: Кыргыз спортчулардын формасы — сүрөт

Түркиядагы мелдеш: Кыргыз спортчулардын формасы — сүрөт

Кыргызстан курамасынын Түркияда өтө турган Ислам шериктештиги оюндарында кие турган параддык жана спорттук экипировкасы даяр болду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Ачылыш аземинде кийиле турган кийимди ата мекендик BAIRA мода үйү тиккен. Ал эми спорттук экипировка JOMA компаниясына таандык.

«Эске салсак март айында Дене тарбия жана спорт департаменти, Улуттук Олимпиада комитети менен биргеликте «Кыргызстан курама командасынын спорттук экипировкасын танда» аттуу сынак жарыялаган. Анда дизайнерлердин эмгектери кабыл алынып, сынактын 2-турунда коомчулуктун тандоосуна коюлган. Жыйынтыгында параддык жана спорттук экипировка тандалып алынды», — деп билдирет министрлик.

Эскерте кетсек Ислам шериктештиги оюндары 9-18-август күндөрү Түркиянын Конья шаарында өтөт. Ага 56 өлкөдөн 4,2 миң спортчу катышып, 483 медаль ойнотулат. Кыргызстандан спорттун 16 түрү боюнча 100дөн ашык спортчу күчүн сынайт.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: спорт

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>