Кыргызстандын ИДПсы 688 млрд сомдон ашты

Кыргызстандын ИДПсы 688 млрд сомдон ашты

Быйыл январь-октябрь айларында былтыркы жылдын 10 айына караганда Кыргызстандын ички дүң продукциясы (ИДП) 688 млрд сомдон ашты. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Маалыматка караганда, ИДП 7%га өскөн. «Кумтөр» ишканаларын эсепке албаганда, ИДП өткөн жылга салыштырмалуу 5% өсүп, 641,1 млрд. сомду түзгөн.

«ИДПнын өсүшү товардык өндүрүш жана тейлөө тармактары тарабынан камсыздалды. Муну менен бирге, товардык өндүрүш тармактарынын өсүү темпи 2021-жылдын январь-октябрына салыштырмалуу 9,9% өскөн. Былтыр январь-октябрь айларында, тескерисинче, 4% азайганы байкалган. Кызмат көрсөтүүчү тармактардын өсүү темпи 2021-жылдын январь-октябрына салыштырмалуу 4,1% өстү (2021-жылдын январь-октябрында 6,4% өскөн)», — деп айтылат маалыматта.

ИДПдагы эң чоң үлүш (45,0%) кызмат көрсөтүү тармагына (1%га өскөн) туура келет. Ал эми товарларды өндүрүүчү тармактардын үлүшү, тескерисинче, 3%га азайып, 39,2%ды түздү. Ошондой эле, өнөр жайдын үлүшү 18,2% түзүп, былтыркыдай дэңгээлде калган. Айыл чарбасынын үлүшү 14,4%ды түзүп, 2,5%га азайган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>